Ош шаарынын жана «Достук-Автожол» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунун аймагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын 2 жаранынын (Р.А.Р., И.Н.М.) ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.