«Санарип сом» долбоордук топ 

Digital SOM Ideathon 

жарыялайт 

(санарип сом платформасын тестирлөө үчүн идеялар/кейстер) 

 

Digital SOM Ideathon иш-чарасына бардык кызыкдар болгон тараптар/катышуучулар катышууга чакырылат, алар борбордук банктын санарип валютасынын (ББСВ) прототибин апробациядан өткөрүү үчүн санарип сомду тестирлөөгө даярдоо процессинде өз сунуштары менен чечимдерин бере алышат. 

Долбоордун максаты – колдонуудагы төлөм чечимдери менен инновацияларды технологиялык жактан мыкты болушун камсыз кылуу, тестирлөө баскычында жарандардын, бизнестин, мамлекеттин жана финансы секторунун кызыкчылыктарын эске алуу. 

Сунуштар төмөнкү багыттар боюнча каралат: 

- санарип сомдун башка системалар менен интеграциясы: мүмкүн болгон платформалар, протоколдор жана учурдагы системалар менен интеграция ыкмалары; 

- коопсуздук жана маалыматтарды коргоо: санарип сомду колдонуу менен транзакциялардын купуялыгын жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча сунуштар; 

- колдонуучунун тажрыйбасы жана жеткиликтүүлүгү: колдонуучунун колдонуу жолун, интерфейстерди, колдонуучулардын ар кандай категориялары үчүн колдонуунун ыңгайлуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча сунуштар; 

- эл аралык системалар менен интеграция: башка санарип валюталар жана эл аралык төлөм системалары менен өз ара аракеттенүү боюнча идеялар; 

- жана башка чечимдер. 

 

Өтүнмөнү төмөнкү  шилтеме менен жүктөп алсаңыздар болот. 

 

Өтүнмө берүүнүн мөөнөтү - 2024-жылдын 20-сентябры (20-сентябрды чогуу алганда), digitalsom@nbkr.kg электрондук дарегине «Санарип сомго сунуштар» темасы менен толтурулган өтүнмө формасын, бештен кем эмес слайдды камтыган презентацияны (артыкчылык берилет) жөнөтүү зарыл. Санарип сомду апробациядан өткөрүү үчүн сунушталган эң мыкты идеялар/кейстер өтүнмө ээси менен талкууланат жана санарип сом платформасында тесттен өткөрүлөт.