Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 14-августунда № 2024-П-12/36-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды. 

Токтом Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында кабыл алынды.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/ Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук актылары Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Улуттук банктын ченемдик актылары.