Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети 2024-жылдын 13-августунан тартып 27-августун кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду: 

- Бишкек шаары, Москва көчөсү, 86-үй, 7-кеңсе дареги боюнча жайгашкан «Миг Кей Джи» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 10-майындагы № 6808 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 144/6 дареги боюнча жайгашкан «Ломбард «Азамат КЭШ» алмашуу бюросу КЖКнын 2023-жылдын 31-мартындагы № 6502 лицензиясы; 

- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 129-үй дареги боюнча жайгашкан «КЖ ноль бир» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 6288 лицензиясы.