Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын корпоративдик башкаруу кодексине минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» Улуттук банк Башкармасынын токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору коммерциялык банктарда корпоративдик башкаруу боюнча талаптарды өркүндөтүү максатында иштелип чыккан жана корпоративдик башкаруу кодексине карата талаптарды камтыйт.
Токтом долбоору менен банктын акционерлеринин жалпы чогулушуна, Директорлор кеңешине, ошондой эле корпоративдик башкаруу боюнча маалыматтарды ачыкка чыгарууга карата талаптардын тизмеси кеңейтилген.
Токтом долбоорунда ошондой эле ESG (Environment, Social, Governance) жана ислам каржылоо принциптери боюнча шарият башкаруу принциптери каралган.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.
Коммерциялык банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 12-сентябрынан кечиктирбестен nipasova@nbkr.kg электрондук дарегине (анын ичинде Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.