Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, санарип сомдун укуктук статусу маселеси боюнча «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбооруна карата бир эле учурда «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына Кыргыз Республикасында санарип валюта «санарип сомдун» укуктук статусу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору менен (мындан ары мыйзам долбоору) бир катар өзгөртүүлөрдү коомдук талкууга сунуштайт. 

Мыйзам долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Банк»/ «Банк иши тууралуу мыйзамдар» / «Талкууга сунушталган мыйзам долбоорлору», ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдиу укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоо боюнча бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган. 

Мыйзам долбоору боюнча сын-пикирлер менен сунуштарды 2024-жылдын 9-сентябрынан кечиктирбестен abakesarieva@nbkr.kg жана imadyarov@nbkr.kg электрондук почта даректери аркылуу (Word форматында кошо алганда) жөнөтүү зарыл.