Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы санарип сомдун укуктук статусу маселеси боюнча «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбоорун (мындан ары мыйзам долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Мыйзам долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында "Банк иши тууралуу мыйзамдар" / "Талкууга сунушталган мыйзам долбоорлору" бөлүмүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоо боюнча бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.

Мыйзам долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды 2024-жылдын 7-сентябрынан кечиктирбестен abakesarieva@nbkr.kg жана imadyarov@nbkr.kg электрондук почта даректерине (Word форматында кошо алганда) жөнөтүү зарыл.