Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында кредиттерди берүү маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2024-жылдын 22-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. 

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.  

Коммерциялык банктар жана банк эмес финансы-кредит уюмдары токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 30-августунан кечиктирбестен jkonoeva@nbkr.kg электрондук дарегине (анын ичинде Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.