Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын программасынын алкагында Талас областтык башкармалыгынын кызматкерлери 2024-жылдын 26-июль күнү  калкка жана Талас райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлерине финансылык сабаттуулук боюнча көчмө семинар өткөрүштү.   

Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга үй-бүлөлүк бюджет, каражат топтоо, карыз мамилелери, финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана заманбап технологияларды колдонуу менен финансылык алдамчылыкка баруу учурлары, ошондой эле Кыргыз Республикасында QR-кодду өнүктүрүү боюнча иш-чаралар, QR-коддордун улуттук стандарты жана эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө эрежелери боюнча маалыматтар берилди.