Коммерциялык банктар алмашуу бюролору менен чет өлкө валютасын сатып алуу/сатуу операцияларын жүргүзүүсүнө белгиленген чектөөлөрдү убактылуу алып салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 24-июлунда № 2024-П-12/31-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2022-жылдын 5-сентябрындагы № 2022-П-33/55-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 22-июлундагы № 2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракетин убактылуу токтотуу тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды.  

Токтомго ылайык Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 22-июлундагы № 2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомунун аракети 2025-жылдын 1-февралына чейин убактылуу токтотулат. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.