Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары – Улуттук банк) селдин кесепетинен жабыркаган кардарларга колдоо көрсөтүү максатында, Улуттук банктын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын алкагында коммерциялык банктар, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдары (мындан ары – финансы-кредит уюмдары) кредитти төлөө боюнча кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүү жолу менен кредитти реструктуризациялоого жана колдонуудагы кредиттик келишимдин шарттарын өзгөртүүгө укуктуу экендигин маалымдайт.
Белгилей кетсек, Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 20-декабрында № 2023-П-12/80-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына активдерди классификациялоо маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алган, ага ылайык финансы-кредит уюмдары активди өзгөчө абалдын киргизилишинен жана/же башка форс-мажордук жагдайлардан (ал жеткис күч жагдайларынан) жана ага байланыштуу чектөөлөрдөн улам карыз алуучунун финансылык агымынын жана финансылык абалынын начарлоосуна байланыштуу рестуктуризациялоодо аны классификациялоо категориясын жагдайдын карыз алуучунун ишине тийгизген таасири документ түрүндө тастыкталган учурда начарлатпоого укуктуу.
Кредиттерди реструктуризациялоо үчүн селдин кесепетинен жабыркаган карыз алуучулар финансы-кредит уюмдарына кредитти реструктуризациялоо зарылдыгы жөнүндө жүзүндө арыз менен кайрылууга тийиш.
Улуттук банк бардык финансы-кредит уюмдарына селдин кесепетинен жабыркаган карыз алуучуларга көмөк көрсөтүүнү жана алардын реструктуризациялоо арызын артыкчылыктуу тартипте кароону жана кредиттик келишимдин шарттарын (пайыздык ченди жана/же кредиттин мөөнөтүн өзгөртүү ж.б.) жеке тартипте кароону сунуштайт.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамына ылайык, өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын кесепетинен улам келишимдик милдеттенмелер (мөөнөтү өткөн карыз) жана (же) башка милдеттүү төлөмдөр токсон календардык күндөн ашык аткарылбагандыгы тууралуу маалыматтар, насыялык маалымат субъекти тарабынан арыз берилген шартта, терс насыялык маалыматка киргизилбейт, анда насыялык маалымат субъектинин өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткаруусуна таасир эткен өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын киргизилиши менен байланышкан жагдайлар көрсөтүлүүгө тийиш.