2024-жылдын 19-июлунда Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү 2024-жылы социалдык контракттардын негизинде жардам алууга кайрылган Баткен районунун тургундарына «Финансылык сабаттуулук» темасы боюнча пландаштырылган лекция өткөрдү.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү катышуучуларга акча каражаттарын туура колдонуу жана сарптоо, финансыны пландаштыруу, финансылык максат коюу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджетти түзүү, финансыларды мүмкүн болуучу тобокелдиктерден коргоо тууралуу маалымат беришип, ар кандай финансылык маселелер боюнча түзүлгөн кырдаалдарды талдап чыгышты.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында QR-кодду колдонууну өнүктүрүү боюнча иш-чаралар, QR-коддордун улуттук стандарттары жана эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө эрежелери боюнча маалыматтар берилди.