Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында 2024-жылдын 17-июлунда Улуттук банктын төрагасынын орун басары М.Ж. Жакыповдун жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жетекчилеринин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.  

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар банк секторунун учурдагы абалы боюнча пикир алмашып, заманбап технологиялар финансылык операцияларды жеңилдетүүгө жана тездетүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк бергендиги белгилешти. Муну менен катар эле, ар түрдүү ыкмада алдап кетүүлөрдүн сыяктуу жаңы кырдаалдар пайда болуп жатканы да айтылды.  

Жолугушуунун жыйынтыгында М.Ж. Жакыпов Улуттук банк тарабынан онлайн кредиттөөгө карата талаптарды күчөтүү маселеси каралып жаткандыгын билдирди. Мындан тышкары, коммерциялык банктарга веб-сайттарга, мобилдик тиркемелерге жана кардарларды тейлөө жайларына тиешелүү маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу калкка алдамчылыктын түрлөрү тууралуу кеңири маалымат берүү иш-чараларын күчөтүү зарылдыгын кошумчалады.  

Жолугушуунун жүрүшүндө тез арада укук коргоо органдары менен өз ара иш алып баруу, ошондой эле коммерциялык банктар ар кандай алдамчылык аракеттеринин түрлөрүнөн коргонуунун тиешелүү системаларын (антифрод) ишке киргизүү боюнча өз ара биргелешип иш алып баруу зарылдыгы да белгиленди.  

Жарандарга алдамчылардын иш-аракеттери жөнүндө алдын ала эскертүү үчүн маалымат берген роликтерди жана башка материалдарды чыгаруу аркылуу калкка улуттук телеберүү, радио жана башка каналдар аркылуу маалымдоо жагында ишти күчөтүү чечими кабыл алынды.  

Коммерциялык банктар мамлекеттик органдар менен бирге бул багытта кызматташууга даярдыгын билдиришти. 

Жолугушуунун жыйынтыгында башка мамлекеттик органдар жана Улуттук банк менен кызматташуу аркылуу финансы системасында алдамчылык иш-аракеттерин азайтуу жагында ишти күчөтүү зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынды.