Финансылык кызмат көрсөтүүдө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, ошондой эле өлкөнүн улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 5-июлунда № 2024-П-12/28-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына күрөөлүк коэффициент, айыптык санкциялардын (үстөк айыптын) өлчөмү жана банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун (мындан ары – токтом) кабыл алды.
Бул токтомго ылайык Улуттук банк финансы-кредит уюмдар үчүн кыймылсыз мүлк боюнча күрөөлүк коэффициентти (б.а. кредитти камсыздоого кабыл алынган күрөө предметинин рыноктук наркын төмөндөтүү коэффициентин) күрөөлүк камсыздоонун наркынын 50 пайызынан ашпаган өлчөмдө белгилөө боюнча жаңы талаптарды киргизүүдө.
Ошентип, финансы-кредит уюмдар кыймылсыз мүлк боюнча күрөө коэффициентин белгилөөдө күрөө коэффициентин төмөндөтүүгө, бирок кредит берилген учурга карата күрөөлүк камсыздоонун наркынын 50 пайызынан ашпаган өлчөмдө гана төмөндөтүүгө укуктуу.
Токтом төмөнкү маселелерди камтыйт:
1) карыз алуучунун мөөнөтү өтүп кеткен кредиттик карызы боюнча чегерилген айыптын (туумдун, айып пулдун) өлчөмүн төмөндөтүү;
2) улуттук экономиканы камсыз кылууга өбөлгө түзүүчү артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоону колдоо;
3) коммерциялык банктардын жаңыдан берилген кредиттери, анын ичинде керектөө кредиттери, соодага жана коммерциялык максаттарга берилген кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү.
Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.
Ченемдик укуктук актылар Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Улуттук банктын ченемдик актылары/ Банктык жөнгө салуу жана Банк эмес финансы уюмдардын ишин жөнгө салуу бөлүмдөрүндө жайгаштырылат.