2024-жылдын 4-июлунда Улуттук банк тарабынан Бишкек шаарында кезектеги тегерек стол өткөрүлдү.  

Иш-чарага төрага Мелис Тургунбаев баштаган Улуттук банктын жетекчилиги, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, “Кыргызстан банктар союзу” ЮЖБнын, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигинин жана Банктар аралык процессинг борбору ЖАКтын, «Кепилдик фонд» ААКтын, коммерциялык банктардын жана микрофинансылык сектордун өкүлдөрү катышты.  

Тегерек столдун катышуучулары салык мыйзамдарына, банктык жөнгө салууну өнүктүрүүгө, банктык жана төлөм кызматтарын санариптештирүүгө, жашыл каржылоону өнүктүрүүгө, ошондой эле микрофинансылык секторго тиешелүү кыйла маанилүү маселелерди талкуулашты. 

Мындан тышкары, жолугушууда кредиттердин калкка жеткиликтүүлүгү, накталай эмес экономикага толук кандуу өтүү, жаңы технологияларды, анын ичинде финтех-стартаптарын колдонууга киргизүү, акча которуулар үчүн комиссияларды азайтуу, коммерциялык банктарды ири мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырууга катышууга тартуу ж.б. маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.  

Банктык тегерек стол банк коомчулугунун орчундуу маселелери талкуулана турган салттуу иш-чара болуп саналат.