Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Улуттук банкка келип кетти
Бүгүн, 2024-жылдын 4-июлунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына келип, жаңы дайындалган төрага Мелис Тургунбаев, Башкарманын мүчөлөрү жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн начальниктери менен жолугушту. Иш-чарада ошондой эле Финансы министри Алмаз Бакетаев да катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук банк алдында турган бир катар маанилүү максаттар жана милдеттер, атап айтканда баа туруктуулугун камсыздоо, накталай эмес төлөмдөр системасын өнүктүрүү, калктын кредиттерден пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, көмүскө экономика деңгээлин төмөндөтүү, санарип сомду колдонууга киргизүү жагында иштерди улантуу зарылдыгы белгиленди.
Ошондой эле, Акылбек Жапаров Улуттук банктын өлкөдө инфляция деңгээлин кыскартуу, алтын валюта резервдер көлөмүн жогорулатуу, ошондой эле улуттук валютанын туруктуулугун камсыздоо жагында ишинин жыйынтыгына алгылыктуу баа берди.
Иш-чаранын жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Улуттук банктын жаңы төрагасына ишине ийгиликтерди, ошондой эле мындан ары да тыгыз кызматташтыкта иш алып барууга ишенерин билдирди.