Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл областтык башкармалыгынын кызматкерлери 2024-жылдын 26-27-июнь күндөрү финансылык сабаттуулук программасынын алкагында Ысык-Көл областынын Ак-Суу жана Түп райондорунун мамлекеттик администрациясынын кызматкерлерине семинар өткөрүштү.
Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга үй-бүлөлүк бюджет, каражат топтоо, карыз мамилелери жана финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, ошондой эле Кыргыз Республикасында QR-кодду өнүктүрүү боюнча иш-чаралар, QR-коддордун улуттук стандарттары жана эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө эрежелери боюнча маалыматтар берилди.