Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев 2024-жылдын 1-июлунан тартып 3-июлуна чейин Тажикстан Республикасында, Душанбе шаарында өтүп жаткан Эл аралык валюта фондунда (ЭВФ) Швейцария добуш берүү тобунун жана Дүйнөлүк банктын тобунун отурумунда катышып жатат. 

Швейцария тобунун отурумунда катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүү жана глобалдуу инфляция тенденциялары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык өнөктөштөр, анын ичинде ЭВФтин Швейцария тобуна кирген өлкөлөрдүн борбордук банктары менен мындан ары да кызматташуу жана өз ара иш алып баруу келечеги сыяктуу актуалдуу маселелерди талкуулоо боюнча бир катар жолугушууларды өткөрдү.  

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Швейцария Улуттук банкынын Башкармасынын төрагасы Томас Йордан менен эки тараптуу жолугушууга катышып, анын жүрүшүндө тараптар көп жылдан берки кызматташуу натыйжаларын талкуулашып, мындан ары да Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Швейцария Улуттук банкы ортосунда өз ара иш алып барууга даяр экендигин билдиришти.  

 

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасы 1992-жылдан бери ЭВФтин, ал эми 1993-жылдан бери ЭВФтин Швейцария добуш берүү тобунун мүчөсү болуп саналат. Бул топко Азербайжан, Кыргыз Республикасы, Польша, Казакстан Республикасы, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Швейцария кирет.