2024-жылдын 28-июнунда Улуттук банктын төрагасынын орун басары М.Жакыпов Америка-Кыргыз Ишкерлер кеңешинин бизнес делегациясынын, ошондой эле Кыргызстандын коммерциялык банктарынын жетекчилеринин катышуусунда тегерек стол өткөрдү

Тегерек столдун жүрүшүндө Кыргызстандын банктарынын эл аралык компаниялар менен эл аралык төлөм карталары, юридикалык кызмат көрсөтүүлөр жана башка иш чөйрөлөрүндө эки тараптуу кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө жана издөө маселелери талкууланды. 

 

Маалымат үчүн: Америка-Кыргыз Ишкерлер кеңеши АКШ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы соода жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган коммерциялык эмес, жеке жана көз карандысыз соода ассоциациясы болуп саналат. 

Америка-Кыргыз Ишкерлер кеңешинин негизги миссиясы болуп, анын Кыргызстандагы мүчөлөрүнүн бизнес ишкердигин алдыга жылдыруу жана Америка коомчулугун, ошондой эле Кыргызстан менен ишкердик мамилелерди бекемдөө үчүн негизги чечимдерди кабыл алуучуларга дем берүү саналат.