Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө
БИЛДИРҮҮ
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы атайын жөнгө салуу режиминин алкагында электрондук капчыктардан колдонуу мүмкүнчүлүгү бар төлөм карталарын чыгаруу (эмиссиялоо) операциясы төлөм системасынын бир оператору тарабынан тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөндүгүн таануунун жыйынтыгы боюнча төлөм системаларынын операторлоруна электрондук капчыктардан колдонуу мүмкүнчүлүгү бар төлөм карталарын чыгаруу (эмиссиялоо) мүмкүнчүлүгү каралган «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү жана кызыкдар жактардан сунуштар чогултула тургандыгы жөнүндө билдирет.
1. Сунушталган жөнгө салуу боюнча чечүүгө багытталган проблемалардын баяндалышы
Электрондук акча – алдын ала төлөнгөн карталарды жана электрондук капчыкты кошо алганда, программалык-техникалык түзүлүштө электрондук түрдө сакталган жана төлөм каражаты катары кабыл алынган акча наркы.
Бүгүнкү күндө электрондук акча ээлеринин электрондук акчаны колдонуу менен бардык жерде төлөө мүмкүнчүлүгү жок, себеби электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын өзүндө же QR-код менен мобилдик тиркеме аркылуу товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө электрондук акча менен төлөй алышат. Бул электрондук акча ээлеринин банктык төлөм карталарын электрондук капчыктарга байланыштырууга жана алар менен төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна байланышкан.
Учурда банктык төлөм карталарын электрондук капчыктарга байланыштыруу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына ылайык электрондук капчыктардан колдонуу мүмкүнчүлүгү бар банктык төлөм карталарын чыгаруу (эмиссиялоо) боюнча төлөм системасынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын укугу жоктугу укуктук тоскоолдук болуп саналат.
Каралып жаткан маселенин масштабы электрондук акча менен иштеген же иштөөнү пландаштырып жаткан жана андан ары төлөм жүргүзүү үчүн банктык төлөм карталарын аларга байланыштырган субъекттердин ишин камтыйт.
2. Сунушталган жөнгө салуунун максатын жана проблеманы чечүү ыкмасын баяндоо
Кыргыз Республикасында банктык төлөм карталары товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн кыйла суроо-талапка ээ инструменттердин бири болуп саналат. Аны менен бирге электрондук акча да кеңири суроо-талапка ээ. Алсак, 2024-жылдын 1-апрелине карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук капчыктардын саны 6,8 миллионду түзгөн, бул электрондук акча менен төлөө жеткиликтүү жана ыңгайлуу төлөм ыкмаларынын бири болуп саналгандыгы менен шартталган.
Банктык төлөм карталар рыногу акыркы жылдары төлөм системаларынын катышуучулары тарабынан ишке киргизилген инновациялык технологиялардын эсебинен кескин өнүгүшүн көӊүлгө алуу менен, ошондой эле банктык төлөм карталар рыногунун өнүгүшү экономикалык өсүшкө түрткү берүү жана калктын жашоо деӊгээлин жана сапатын жогорулатуу үчүн олуттуу мааниге экендигин эске алуу менен, атайын жөнгө салуу режиминин алкагында Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы уюмдардын бири тарабынан электрондук капчыктардан колдонуу мүмкүнчүлүгү бар төлөм карталарын чыгаруу (эмиссиялоо) операциясын тестирлөө ийгиликтүү өткөндүгүн таануунун жыйынтыгы боюнча төлөм системаларынын операторлоруна электрондук капчыктардан колдонуу мүмкүнчүлүгү бар төлөм карталарын чыгаруу (эмиссиялоо) мүмкүнчүлүгү каралган «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү сунушталат.
3. Сунушталган жөнгө салуунун күтүлүүчү пайдасын жана артыкчылыктарын баалоо
Сунушталган жөнгө салууну кабыл алууда төмөнкүлөр күтүлөт:
- электрондук акча ээлеринин банктык төлөм карталарын колдонуу менен товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө мүмкүнчүлүгү;
- калктын накталай эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр жагында финансылык сабаттуулугун жогорулатуу;
- региондорду өнүктүрүү;
- накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү;
- банктык төлөм карталарынын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алган соода-тейлөө ишканаларында POS-терминалдарынын санын көбөйтүү.
4. Келип чыгышы мүмкүн болгон жагымсыз жагдайларды баалоо
Сунушталган жөнгө салууну кабыл алууда жагымсыз жагдайлар күтүлбөйт.
5. Сунушталган жөнгө салуунун ишкердик субъекттерине – адресаттарына мүнөздөмө берүү жана санын баалоо:
Сунушталган жөнгө салуу электрондук акчаны чыгарууга (эмиссиялоого) укуктуу субъекттердин, анын ичинде электрондук акча менен иштеген же иштөөнү пландаштырган төлөм системаларынын операторлорунун ишине тиешелүү. Алсак, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагында 38 юридикалык жак төлөм системаларынын оператору лицензиясына ээ.
6. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо
Сарптоолор жана пайдалар боюнча конкреттүү сумманы белгилөө мүмкүн эмес, анткени сунушталган жөнгө салуу субъекттери сарптоолорду өздөрүнүн белгиленген бюджеттеринин чегинде тартышат.
7. Сунушталган жөнгө салууну киргизүүгө байланышкан республикалык/жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо
Сунушталган жөнгө салууну кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча сарптоону талап кылбайт.
Тиркеме
Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө
билдирүүгө карата
1. Коомдук консультациянын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеги:
- аталган проблемалар туура көрсөтүлгөнбү жана жөнгө салууну өзгөртүү жолу менен чечүүнү талап кылабы;
- аталган максат аткаруу үчүн негиздүү берилгенби, маанилүүбү;
- проблеманы чечүү үчүн сунушталган ыкма (жөнгө салуу) кыйла артыкчылыктуу болуп саналабы;
- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн;
- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар жаралышы мүмкүн;
- проблеманы чечүүнүн кыйла натыйжалуу альтернативалуу ыкмалары барбы;
- сунушталган жөнгө салуу боюнча жалпы пикириӊиз.
2. Сунушталуучу жөнгө салууну киргизүү зарылдыгын баалоого мүмкүндүк берген башка маалымат:
Билдирүү маалыматын талкуулоо үчүн байланыш маалыматы жана мөөнөтү:
1. Сунуштар төмөнкүлөр аркылуу кабыл алынат: |
|
- электрондук почта боюнча |
ntaalaibekov@nbkr.kg |
- почта дареги аркылуу |
Кыргыз Республикасы, 720001, Бишкек ш., Чүй пр., 168 |
2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү, көрсөтүлгөндөн кечиктирилбестен |
2024-жылдын 15-июлу |
3. Сунуштардын жана жооптордун реестрин иштеп чыккан органдын расмий сайтына жайгаштыруу мөөнөтү, көрсөтүлгөндөн кечиктирилбестен |
2024-жылдын 25-июлу |