Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын финансылык сабаттуулук программасынын алкагында 2024-жылдын 25-26-июнь күндөрү Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылында калкка жана Бакай-Ата райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлерине семинар болуп өттү

Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга үй-бүлөлүк бюджет, каражат топтоолор, карыз мамилелери жана финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тууралуу маалымат берилди.