Улуттук банкта ICBC Standard Bank менен жолугушуу болуп өттү
2024-жылдын 25-июнунда Улуттук банктын төрагасынын орун басары К.Э. Куленбеков ICBC Standard Bank делегациясы менен жолугушту. Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар ишмердүүлүктүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алышып, мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Жолугушууга «Кыргызалтын» ААК башкармасынын төрагасынын орун басары Б.К. Субанов катышты.
Маалымат катары: ICBC Standard Bank (Standard Bank – Industrial and Commercial Bank of China (ICBC) Standard Bank деп аталышын өзгөрткөн) Лондондо (Улуу Британия) башкы кеңсеси жана Шанхайда (КЭР), Сингапур менен Нью-Йоркто (АКШ) филиалдары бар, баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзгөн дүйнөдөгү эң ири банктардын бири болуп саналат.