Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун (мындан ары токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.  

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында Улуттук банктын ченемдик актылары/Талкууга сунушталган долбоорлор бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылган.  

Сектор токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 24-июлунан кечиктирбестен bkuvanychbekov@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.