Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К.К.Боконтаев 2024-жылдын 16-июнунан тартып 19-июну аралыгында Россия Федерациясынын Сочи шаарында болуп өткөн Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин Борбордук (улуттук) банктарынын валюта саясаты боюнча Консультативдик кеңешинин 26-жыйынына (мындан ары - Консультативдик кеңеш) жана Борбордук (улуттук) банктардын Евразия кеңешинин (мындан ары - Евразия кеңеши) 50-жыйынына катышты.
Консультативдик кеңештин жыйынынын алкагында тараптар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борбордук банктары тарабынан жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатын, ошондой эле финансы рыноктору чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү маселелерин талкуулашты.
Евразия кеңешинин күн тартибинин алкагында банк ишине тиешелүү маселелер, акча-кредит саясатынын негизги багыттары, ESG багыты боюнча Евразия кеңешине мүчө борбордук (улуттук) банктардын иши, ошондой эле виртуалдык активдерди жөнгө салуу тажрыйбасы каралды. Мындан сырткары, борбордук (улуттук) банктардын кызматкерлерин кесиптик окутуу, акча бирдигин чыгаруу, нумизматикалык рынокту өнүктүрүү, жасалма акча жасоого каршы күрөшүү маселелери боюнча тармактык координациялык кеңештердин иши жөнүндө маалымат берилди.