Улуттук банк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн
семинар өткөрдү
2024-жылдын 11-июнунда жана 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы журналисттер үчүн, анын ичинде Ысык-Көл жана Нарын областтарынын аймактык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн «Кыргыз Республикасынын банк системасы кандай иштейт?» деген темада окутуу семинарларын өткөрдү.
Семинарлардын жүрүшүндө журналисттерге Улуттук банктын акча-кредит саясаты, Кыргыз Республикасынын валюта рыногу, баалуу кагаздар, Улуттук банктын ноталары, коммерциялык банктарды көзөмөлдөө, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, ошондой эле Улуттук банктын коомчулук менен иш алып баруусу тууралуу маалымат берилди.
Улуттук банк коммуникация саясатынын алкагында жана коомчулукка маалымдоо максатында, мезгил-мезгили менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн окутуу семинарларын өткөрүп турат жана бул багытта ишин улантат.