Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында 2024-жылдын 11-июнь күнү Улуттук банктын төрагасынын орун басары М.Ш. Аттокуровдун жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, «УКУК» мамлекеттик мекемесинин, коммерциялык банктардын жана «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коомунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен Төлөм системасы боюнча банктар аралык кеңештин кезектеги отуруму өттү.
Отурумдун жүрүшүндө төлөм системасына байланыштуу маселелер талкууланды, анын ичинде:
- мамлекеттик төлөмдөрдү кабыл алуу (салык төлөмдөрүн, айып пулдарды ж.б. төлөө);
- банктык кызматтарды көрсөтүүнүн катышуучуларынын тарифтик саясаты;
- төлөм QR-коддорду жайылтуу.
Отурумдун жүрүшүндө банктык жабдууларды жана мобилдик тиркемелерди ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ыӊгайлаштыруу боюнча маселелер талкууланды.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча коммерциялы банктарга аталган багыттарда активдүү иш алып баруу, ошондой эле көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтерин төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды.