2024-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан «РСК Банкы» ачык акционердик коомунун толук фирмалык аталышы жана кыскартылган фирмалык аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу «РСК Банкы» ААКтын лицензиясы алмаштырылды:  

- мамлекет тилдеги толук аталышы: «Элдик Банк» ачык акционердик коому;  

- мамлекет тилдеги кыскартылган аталышы: «Элдик Банк» ААК; 

- расмий тилдеги толук аталышы: Открытое акционерное общество «Элдик Банк»; 

- расмий тилдеги кыскартылган аталышы: ОАО «Элдик Банк».