Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгүнө (шайкештигине) баа берүүнүн ички жол-жоболору жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоорун (мындан ары – токтом долбоору) коомдук талкууга сунуштайт.
Токтом долбоору банктардын тышкы жана ички таасирлерге туруктуулугун жогорулатуу, капиталдык базаны чыңдоо, ошондой эле банктардын ички контролдоо жана тобокелдиктерди тескөө системасын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.
Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (koomtalkuu.gov.kg/ru) жайгаштырылган.
Коммерциялык банктар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2024-жылдын 4-июлунан кечиктирбестен aatyshova@nbkr.kg электрондук дарегине (анын ичинде Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.