Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2024-жылдын 31-майында «Улуттук банктын иши» темасында семинар өткөрүп, анда депутаттар – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөлөрү катышты.
Семинардын жүрүшүндө акча-кредит саясатына, финансы-кредит уюмдарын өнүктүрүүгө жана жөнгө салууга, төлөм системасына, ошондой эле накталай акчага жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого тиешелүү маселелер каралды.
Улуттук банктын төрагасы К. Боконтаев семинардын катышуучулары алдында сөз сүйлөп жатып, учурда геосаясий жагдай сакталып турган жана азык-түлүк менен азык-түлүктөн башка товарлар рынокторунда дүйнөлүк баалардын өсүшү шартында, Улуттук банктын иши тышкы факторлордун таасирин азайтууга жана улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоого багытталгандыгын белгиледи.
«Тышкы экономикалык жагдай алгылыксыз болгондугуна карабастан, 2023-жылы Кыргыз Республикасында макроэкономикалык жана баа туруктуулугун сактоого жетиштик. Алсак, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча инфляциянын жылдык деңгээли эки эсеге – 14,7 пайыздан 7,3 пайызга чейин төмөндөгөн, ал эми 2024-жылдын май айында инфляция жылдык мааниде алганда 4,4 пайызды түздү», - деди К. Боконтаев.
Ошондой эле, 2023-жылы Кыргызстандын эл аралык резервдеринин көлөмү 2,8 млрд АКШ долларына, 3,2 млрд АКШ долларына чейин көбөйгөндүгү, ал эми өтүп жаткан жылдын май айында 3,7 млрд АКШ долларына жеткендиги белгиленди, бул буга чейин катталган көрсөткүчтөрдүн эң эле жогоркусу болуп саналат.
Андан кийин Улуттук банктын төрагасы республиканын банк жана төлөм системаларынын негизги көрсөткүчтөрү кыйла жогорулап жаткандыгы байкалгандыгын маалымдады.
«Төлөм системасын өнүктүрүү боюнча алдыга коюлган милдеттер ийгиликтүү ишке ашырылды. Соода жана тейлөө ишканаларында орнотулган QR-коддордун саны беш эсеге көбөйүп, 52 миңден ашты», - деп белгиледи Улуттук банктын төрагасы.
Өз кезегинде, Жогорку Кеңештин депутаттары Улуттук банктын ишинин оң натыйжаларын белгилеп, калк үчүн кредиттердин жана банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, финансы-кредит уюмдарынын ишин өркүндөтүү, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу, ошондой эле мындан ары башка иштерди жүзөгө ашыруу зарылдыгын белгилешти.
Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында экономиканын учурдагы абалы, валюта рыногундагы жагдай, республиканын банк жана төлөм системаларынын тенденциялары жана өнүктүрүү келечеги талкууланды.