Банктык карттардын эквайрингин жүргүзүү укугуна ээ субъекттердин тизмесин кеңейтүү жолу менен накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 22-майында № 2024-П-14/23-2-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун кабыл алды (мындан ары токтом).  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.