2024-жылдын 23-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К. Боконтаев BIFF-2024: «Финтех жана туруктуу өнүгүү: финансы келечеги» аттуу Бишкек эл аралык финансы форумуна катышты. 

Улуттук банктын төрагасы К. Боконтаев өзүнүн саламдашкан сөзүндө бүгүнкү күндө маанилүү маселелердин бири болуп, экономиканы өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жаткан финансылык кызматтарды санариптештирүү санала турганын белгиледи. 

«Улуттук банк накталай эмес төлөмдөрдү, санариптик активдерди жана финансылык технологияларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Биз финансылык системаны коргоону чыңдоо чараларына басым жасоо менен инновацияларды киргизүүгө жана финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатууга өбөлгө түзгөн жагымдуу жөнгө салуучу чөйрөнү түзүү жагында жигердүү иштеп жатабыз», - деп Улуттук банктын төрагасы белгилеп өттү

Мындан тышкары, К. Боконтаев Улуттук банктын аракеттери туруктуу өнүгүүгө өтүүгө, ошондой эле жашыл каржылоо инструменттерин жайылтууга жана кеңири колдонууга багытталганын кошумчалады.  

Финансы форумуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаров, Улуттук банктын жетекчилиги, эл аралык уюмдардын, Кыргыз Республикасынын банк жана финансы секторлорунун өкүлдөрү жана чет элдик эксперттер катышты.