Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын «Достук-Автожол» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунда жүргүзгөндүгү үчүн 2024-жылдын 15-майында Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын 21 жаранынын ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө жана бир юридикалык жакка 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.