2024-жылдын 13-майында Баку шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын делегециясынын иш сапарынын алкагында Азербайжан Республикасынын Борбордук банкында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К. Боконтаев менен Азербайжан Республикасынын Борбордук банкынын төрагасы Т.Кязымов ортосунда эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы Атайын Элчиси К.М. Осмоналиев, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын делегациясынын мүчөлөрү жана Азербайжан Республикасынын Борбордук банкынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын борбордук банктарынын, финансы институттарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу, банк жана финансы чөйрөсүндө өз ара иш алып баруу жана тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.  

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн борбордук банктарынын ортосунда Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду, анда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Азербайжан Республикасынын Борбордук банкынын ортосунда борбордук банктардын негизги иш багыттары боюнча өз ара тыгыз иш алып баруу каралган.  

Улуттук банктын төрагасы К. Боконтаев өз сөзүндө бул Меморандум борбордук банктардын ортосундагы өз ара кызматташууну андан ары чыңдоо үчүн негиз болуп берерин, банк ишине тиешелүү ар кандай маселелер боюнча адистердин тажрыйба жана билим алмашуусу үчүн мүмкүнчүлүк түзөрүн, ошондой эле Кыргызстан менен Азербайжандын банк жана финансы системаларынын өнүгүүсүнө алгылыктуу таасирин тийгизе тургандыгын белгиледи.