Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы сомдун жүгүртүүгө киргизилген күнүнө карата, 2024-жылдын 10-майында Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгында Жалал-Абад шаарынын К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин 1 жана 2 курсунун студенттерине лекция өткөрүлдү

Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү студенттерге улуттук валютабыз сомдун калыптануу тарыхы, өнүгүү этаптары жана анын коргоо белгилери, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматикалык баалуулуктары тууралуу айтып беришти. 

Ошондой эле, үй-бүлө бюджетин пландаштыруу, акчаларды туура топтоо жана инвестицияга жумшоо боюнча маалыматтар берилди. 

Лекцияга келгендер үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык нумизматикалык монеталардын көргөзмөсү уюштурулду.