Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгы 2024-жылдын 10-майында «Сулайман Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси тарабынан уюштурулган «Улуттук сом улут сыймыгы» аттуу көргөзмөдө Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык монеталардын нумизматикалык көргөзмөсүн өткөрдү.  

Көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышына «Сулайман Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин кызматкерлери, коммерциялык банктар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана Ош мамлекеттик университетинин студенттери катышты.  

Көргөзмөгө келгендер үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык нумизматикалык монеталарды сатуу уюштурулду.