Улуттук валютанын күнү 

 

Бүгүн 10-майда Кыргызстан өзүнүн улуттук валютасы кыргыз сомун жүгүртүүгө киргизгенине 31 жыл болду, улуттук валюта мамлекеттин эгемендигин даңазалаган анын ажырагыс символуна айланды. 

Бул тарыхый окуя эгемен мамлекеттин акча-кредит саясатын өз алдынча жүргүзүүсүнө, ошондой эле улуттук төлөм жана банк системаларынын калыптанышы менен өнүгүшүнө негиз салган. 

Геосаясий жана экономикалык соккуларга карабастан, кыргыз сому көптөгөн жылдардан бери аймактагы эң туруктуу валюталардын бири катары сакталууда. 

Бүгүнкү күндө улуттук валюта сом өзүнүн туруктуулугу, коргоо белгилери жагынан да, банкноттордун жасалгасы боюнча да башка валюталардын арасында татыктуу орунду ээлеп, эл аралык көргөзмө менен сынактарда жогорку баага татып келет.