1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Айыл Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Айыл Банк» ААКтын башкы бухгалтеринин орун басары кызмат ордуна сунушталган Койлубаева Назира Абдракуновнанын талапкерлигине 2024-жылдын 5-апрелинде макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «АМАНБАНК» Россия-Кыргызстандык ачык акционердик коому тарабынан «АМАНБАНК» Россия-Кыргызстандык ачык акционердик коомунун ички аудит кызматынын жетекчиси кызмат ордуна сунушталган Даакыбаев Алмазбек Билимовичтин талапкерлигине 2024-жылдын 5-апрелинде макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «ФинансКредитБанк» ачык акционердик коому тарабынан «ФинансКредитБанк» ААКтын ички аудит кызматынын начальнигинин кызмат ордуна сунушталган Джумагулов Чынгыз Таалайбековичтин талапкерлигине 2024-жылдын 5-апрелинде макулдук берүү чечимин кабыл алды.