Landesbank Baden Württemberg (LBBW) өкүлдөрү менен 

жолугушуу жөнүндө маалымат 

 

2024-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары М. Жакыпов менен Landesbank Baden Württemberg (LBBW) өкүлдөрү ортосунда өз ара кызматташуу маселелери боюнча жолугушуу болуп өттү

Жолугушууда Кыргыз Республикасындагы азыркы экономикалык кырдаал жана аны өнүктүрүүнүн келечеги, Кыргыз Республикасынын банк секторун 2023-жылы өнүктүрүү тенденциялары, анын ичинде соодалык каржылоону өнуктүрүү маселелери учурдагы экономикалык жана геосаясий кырдаалды эске алуу менен эл аралык санкцияларды сактоо маселелери талкууланды. 

Визиттин алкагында Landesbank Baden Württemberg тарабынан Улуттук банктын жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын кызматкерлери үчүн санкциялык комплаенс жана эл аралык төлөмдөрдү өткөрүү маселелери боюнча семинар өткөрүлдү

Семинарга KPMG менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү да катышып, комплаенс-функцияларын өнүктүрүүнүн тренддери жөнүндө айтып беришти, ошондой эле аны ишке ашыруу боюнча практикалык сунуштар берилди. 

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары санкциялык комплаенс жана жалпы комплаенс-контролду ишке ашыруу тажрыйбасы менен бөлүшүштү