Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 3-апрелинде «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» № 2024-П-12/15-1 токтомун (мындан ары токтом) кабыл алды.  

Токтом системалуу мааниге ээ коммерциялык банктардын суммардык капитал жетиштүүлүгүнүн (шайкештигинин) коэффициентинин (К2.1) маанисин сактоо мөөнөттөрүн өзгөртүүгө багытталган.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.