2024-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары М. Жакыпов менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасы, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча регионалдык директору А. Рустамова менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү, жолугушуунун жүрүшүндө жашыл экономиканы өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын финансы системасына ESG принциптерин киргизүү жаатында мындан ары кызматташуу багыттары талкууланды. 

Тараптар финансы секторунда климаттык тобокелдиктерди кыйла натыйжалуу аныктоо, баалоо жана башкаруу, корпоративдик климаттык башкаруу жана өткөөл мезгилди пландаштыруу үчүн көзөмөлдөө боюнча сунуштарды жана жөнгө салууну иштеп чыгуу жана ишке киргизүү тармагында кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда Меморандумга кол коюшту.