Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2024-жылдын 20-мартындагы № 2024-П-12/12-2-(НФКУ) «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКтын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКтын ишин жөнгө салуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомун (мындан ары токтом) кабыл алды.  

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Ченемдик укуктук акт Улуттук банктын расмий интернет-сайтында: www.nbkr.kg/ Банк тууралуу/Улуттук банктын ченемдик актылары/Банк эмес финансы мекемелер ишин жөнгө салуу бөлүгүндө жайгаштырылат.