Кыргыз Республикасынын «Элкарт» жана Россия Федерациясынын «Мир» улуттук төлөм карталары менен эсептешүү системаларынын ортосундагы системалар аралык интеграция өчүрүлгөндүгүнө байланыштуу, Улуттук банк төмөндөгүлөрдү билдирет.  

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 40-беренесинин 5-бөлүмүнө ылайык, Улуттук банк ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, банктардын, банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы башка юридикалык жактардын учурдагы ишине кийлигишпейт. Ушуга байланыштуу, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК (мындан ары «БПБ» ЖАК), өлкөдөгү коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары тобокелдиктерге баа берүүнү эске алуу менен өздөрүнүн инфраструктурасында «Мир» карталарын тейлөөнү кошуу/өчүрүү боюнча чечимдерди өз алдынча кабыл алышат. 

«БПБ» ЖАКтын маалыматына ылайык, 2024-жылдын 3-апрелинде саат 12:00дө (Бишкек убактысы боюнча) «Мир» төлөм системасы менен «Элкарт» улуттук төлөм системасынын ортосундагы системалар аралык интеграциянын алкагындагы төлөмдөр токтотулду. 

Төмөндөгүлөр өчүрүлдү

- эквайринг жабдууларында карталарды тейлөө (POS-терминалдарда накталай эмес төлөмдөр жана банкоматтардан накталай акча алуу); 

- картадан картага которуулар; 

- электрондук коммерция: соода-тейлөө ишканаларынын эсептерине карталардан интернет-төлөмдөр. 

Ошону менен бирге, Кыргызстандын жана Россиянын коммерциялык банктарынын ортосунда түз келишимдик мамилелер болгон учурда коммерциялык банктардын мобилдик тиркемелерин пайдалануу менен, ошондой эле эсеп ачпастан акча которуу системалары аркылуу Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда акча которууларды жүргүзүүнүн мүмкүнчүлүктөрү сакталарын белгилей кетүү керек. Иштеп жаткан акча которуу системаларынын тизмеси Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында https://www.nbkr.kg/index1.jsp?item=2665&lang=RUS шилтемеси боюнча жайгаштырылган.