Улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган «Чакырыктардан жаңы мүмкүнчүлүктөргө карай»  

эл аралык конференциясы 

 

2023-жылдын 19-майында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган «Чакырыктардан жаңы мүмкүнчүлүктөргө карай» темасында эл аралык конференция болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы К.Бөкөнтаев конференцияны ачуу менен: «Бүгүнкү күндө кыргыз сому совет мезгилинен кийинки мейкиндикте кыйла туруктуу валюталардын бири болуп саналат, ал экономикада жана дүйнө жүзүндө мезгил-мезгили менен болуп жаткан кризистик жагдайлар менен толкундоолорго карабастан, жогору ишенимдүү төлөм каражаты экендигин дале тастыктоодо», деп баса белгиледи.  

Эл аралык конференцияда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н. Азыгалиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А. Касымалиев жана Швейцария Улуттук банкынын башчысы Т.Йордан чыгып сөз сүйлөштү

Конференцияга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Армения, Беларусь Республикасы, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Түндүк Македониянын жана Швейцария борбордук (улуттук) банктарынын, ошондой эле эл аралык уюмдардын, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, ведомстволорунун жана финансылык сектордун өкүлдөрү катышты.