Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

эсептик ченди 13,0 пайызга чейин төмөндөттү  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 28-ноябрында эсептик ченди (негизги ченди) 100 базистик пунктка, 13,0 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Чечим 2022-жылдын 29-ноябрынан тартып күчүнө кирет.  

2022-жылдын 18-ноябрына карата маалымат боюнча жылдык инфляция 2022-жылдын октябрь айындагы 15,4 пайыздан төмөндөө менен 14,5 пайызды түзгөн. Кыргыз Республикасында инфляция арымы басаңдаган тенденцияны көрсөтүүдө. Ошого карабастан, глобалдуу конъюнктура белгисиз бойдон калууда, ал эми азык-түлүккө, энергия продукцияларына жана башка товарларга дүйнөлүк баалар акырындап төмөндөсө да баалар жогору деңгээлде сакталып турат.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматы боюнча 2022-жылдын октябрь айынын жыйынтыгы боюнча реалдуу ИДӨнүн өсүш арымы 7,0 пайызды түзгөн. Экономикалык жигердүүлүк өнөр жай, кызмат көрсөтүү жана айыл чарба секторлору тарабынан колдоого алынган. Мамлекеттик чыгашалардын жогорулашы жана акча которуулардын түшүүсү да ички суроо-талаптын өсүшүнө таасирин тийгизет.  

Мындай шарттарда Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан монетардык саясат, мурдагыдай эле, инфляциялык процесстерди ооздуктоого багытталган. Жалпы алганда акча-кредиттик шарттар нейтралдуу катары бааланып, алгылыксыз тышкы шарттарга жана жогору инфляциялык күтүүлөргө карабастан, жүзөгө ашырылып жаткан акча-кредит саясаты улуттук валютага басымды азайтууга шарт түзүп, банк секторунун ресурстук базасын жогорулатуу үчүн сыяктуу эле, экономиканы кредиттөөнүн өсүшүнө да алгылыктуу шарттарды камсыздаган.  

Жалпы алганда, аталган факторлордун таасири астында инфляциялык процесстердин басаңдашы 2023-жылы да улана тургандыгы күтүлүүдө. Ушуга байланыштуу артыкчылыктуу милдеттерден болуп, макроэкономикалык туруктуулукту колдоого алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасында түзүмдүк реформаларды жүргүзүү, анын ичинде монетардык эмес инфляция факторлорун төмөндөтүү жана ички рынокту керектөө товарлары менен каныктыруу чараларын ишке ашыруу үчүн макулдашылган фискалдык жана монетардык саясатты жүргүзүү саналат.  

Улуттук банк тышкы жана ички экономикалык чөйрөнү өнүктүрүү шарттарын эске алуу менен эсептик чен өлчөмүн 13,0 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Мындан тышкары, Улуттук банк түптөлүп жаткан жагдайга туруктуу негизде көз салып турат жана зарылчылык келип чыкса, кошумча инструменттерди пайдаланып, орто мөөнөттүү мезгил ичинде баа туруктуулугун камсыз кылуу максаттарына жетүү үчүн тиешелүү чараларды колдонот. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки отуруму 2023-жылжын 30-январында өткөрүлөт.