Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык, «Финипэй» жоопкерчилиги чектелген коомуна 2022-жылдын 10-ноябрында төмөнкү лицензиялар берилди: 

үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна 2022-жылдын 10-ноябрындагы № 2032101122 лицензия; 

өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо ишин жүзөгө ашыруу укугуна 2022-жылдын 10-ноябрындагы № 3034101122 лицензия. 

«Финипэй» ЖЧКсы боюнча тиешелүү маалыматтар Улуттук банктын расмий сайтында «Банктын милдеттери» / «Төлөм системасы» / «Төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары» бөлүктөрүндө жайгаштырылган төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын лицензияларынын реестрлерине киргизилген».