Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 17-июлундагы № 2024-П-09/30-1-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жете элек нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө» токтому (мындан ары – токтом) менен төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:
- коммерциялык банктарга 2024-жылдын 1-октябрына чейин эскилиги жете элек нак АКШ долларын сыртка алып чыгууга уруксат берилсин.
Токтом Улуттук банктын расмий сайтынын «Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган.