Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 19-июнундагы №2024-П-09/27-6-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына эскилиги жеткен нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга убактылуу уруксат берүү жөнүндө» токтому (мындан ары – токтом) менен төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:
- коммерциялык банктарга 2024-жылдын 1-октябрына чейин эскилиги жеткен нак АКШ долларын нак/нак эмес АКШ долларына алмаштырууга сыртка алып чыгууга уруксат берилсин.
Токтом Улуттук банктын расмий сайтынын «Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору» бөлүгүндө жайгаштырылган.