Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
«Сом – Кыргызстандын жүзү» темасын эң мыкты чагылдыруу боюнча ЖМК арасында жарыяланган сынактын жыйынтыгын чыгарды
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында 2023-жылдын 3-ноябрында Маалымат жана басма сөз күнүнө карата «Сом – Кыргызстандын жүзү» темасын эң мыкты чагылдыруу боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары арасында жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.
Сынак 9 номинация боюнча өткөрүлүп, ага 40 ашык эмгегин тартуулаган республиканын телерадио каналдарынын, басма сөз жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттери катышты.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын баш байгелери менен төмөнкүлөр сыйланышты:
- Калыгул Асамбаев («Ала-Тоо 24») – «Мамлекеттик тилде мыкты телематериал» номинациясы боюнча;
- Айзирек Акматова («Ала-Тоо 24») – «Расмий тилде мыкты телематериал» номинациясы боюнча;
- Назира Молдокулова («Биринчи радио») – «Мамлекеттик тилде мыкты радио материал» номинациясы боюнча;
- Ирина Эгинбаева («Биринчи радио») – «Расмий тилде мыкты радио материал ” номинациясы боюнча;
- Орозгүл Арстанова («Марал FM» сайты) – «Мамлекеттик тилде басма ЖМКларда жарыяланган мыкты материал» номинациясы боюнча;
- Татьяна Швачева («24.kg» МА) – «Расмий тилде басма ЖМКларда жарыяланган мыкты материал» номинациясы боюнча.
Мындан тышкары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын 6 өкүлү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызыктыруучу сыйлыктары менен сыйланышты.