Кайта келүү
 Конъюнктура: 01 - 05 октябрь


 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери Россияда кесиптик жактан кайра даярдыктан өтүшөт 

 

Улуттук банктын кызматкерлерин Россия Банкында кесиптик жактан кайра даярдыктан өткөрүү программасы боюнча окутуу жөнүндө макулдашууга жетишилген. Бул келишимге 2012-жылдын 2-августунда кол коюлган. Документке ылайык, Улуттук банктын кызматкерлерин кайра даярдыктан өткөрүү чөйрөсүндө кызматташтык төмөнкү эки багытта жүргүзүлөт: «Коммерциялык банктын куратору - банк менеджери» жана « Коммерциялык банктын инспектору - банк менеджери». 

Улуттук банктын көзөмөл блогун реформалоонун чегинде, Москва шаарына окутуудан өтүү үчүн Башкармалыктын начальниги жана башкы инспектор кызматын ээлеген эки адис жөнөтүлгөн. Келечекте дагы эки адис кесиптик жактан кайра даярдыктан өтүүсү күтүлүүдө.  

Окутуу, заманбап банк бизнеси боюнча билимди системага келтирүүгө жана аны көзөмөл блогунун кызматкерлеринин кесиптик ишкердик тажрыйбасына трансформациялоого багытталган. Бул окутуу, Россия Федерациясынын Өкмөтүнө караштуу Финансы университетинин базасында жүргүзүлүп жатат. Окуу программасынын санын, алардын мөөнөтүн, ошондой эле кабыл алынуучу адистердин санын, кабыл алып жаткан тарап аныктаган. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилиги ЭВФ миссиясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү  

 

Жолугушууга эл аралык финансылык институт тарабынан ЭВФтин Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрү департаментинин делегациясынын башчысы Кристиан Беддис, миссиянын экономисти Давид Амаглобели, анын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Коба Гвенетадзе ж.б. катышышты.  

Иш-чаранын максатынан болуп, ЭВФтин кеңири кредиттөө механизми аркылуу колдоого алынган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экономикалык программасынын жүзөгө ашырылып жатышын талкуулоо болду. ЭВФтин өкүлдөрү Улуттук банкка техникалык колдоо көрсөтүү багыттарын белгилешти. Өзгөчө, резервди тескөөгө алуу жана инфляциялык модельдөө чөйрөсүндө техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу сөз болду. Учурда, Улуттук банкка жогоруда белгиленген маселелер боюнча көмөк көрсөтүү чечими ЭВФ тарабынан алгылыктуу колдоого алынгандыгын Кристиан Беддис билдирди.  

ЭВФ миссиясынын Кыргызстандагы иш сапарында талкууланган бардык маселелер боюнча толук түшүнүүгө жетишилгендигин Улуттук банктын Төрагасы Зина Асанкожоева: “Программаны ишке ашыруунун үчүнчү баяндамасы ийгиликтүү аяктап, анын декабрь айынын башында ЭВФтин Директорлор кеңеши тарабынан толук жактырылаарына, демек жылдын акырына чейин каражаттар Кыргызстанга келип түшөт деген ишенимдебиз. Бул, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине алынган каражаттын эсебинен бюджет тартыштыгынын бир бөлүгүнүн ордун жабууга мүмкүнчүлүк берет. Ушуну менен бирге эле, бул башка донорлорго да үлгү болуп, алар биздин өлкөгө финансылык колдоо көрсөтүүнү улантышат” - деп билдирген.  

 

Кыргызстан калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча комплекстүү улуттук программага муктаж 

 

Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушууда Улуттук банктын Төрагасы Зина Асанкожоева билдирди. Мындан тышкары, көпчүлүк кыргызстандыктардын финансылык сабаттуулук деңгээлинин төмөндүгүн жана аны чечүү улуттук деңгээлде гана мүмкүнчүлүктүү экендигин Улуттук банк толугу менен түшүнүп жаткандыгын билдирди. Төрага бул багытта улуттук стратегияны иштеп чыгуу үчүн консультациялык жана финансылык көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен Дүйнөлүк банкка кайрылды.  

Дүйнөлүк банктын финансы секторун өнүктүрүү боюнча улук адиси, Европа жана Борбордук Азия регионундагы финансы жана банк сектору командасынын жетекчиси Бретт Колман: “Мындай программаларды башка өлкөлөрдө ишке ашыруу тажрыйбасы көрсөткөндөй, калктын чыныгы билим деңгээлине негизденген, ошондой эле белгилүү бир финансылык продукттар тууралуу маалыматты сунуштаган долбоорлор натыйжалуу болуп саналат. Ишти диагностикадан баштоону сиздерге сунуш кылабыз, анткени мындай маалыматтарда жарандардын керектөөсү такталып, долбоорду иштеп чыгуу ишине жана эң башкысы, улуттук программаны жүзөгө ашырууга ким катышаарын аныктап берет. Бул Улуттук банк, Өкмөт, МСУ, ошондой эле финансы секторунун өкүлдөрү - банктар жана банктык эмес финансы-кредит мекемелери болушу да мүмкүн” деп маалымдаган.  

 

Бретт Колмандын пикири боюнча, калктын финансылык сабаттуулук деңгээлине алдын ала иликтөөлөрдү жүргүзүү учурунда, кыргызстандыктардын финансылык институттар менен өз ара мамилесинде алар өз укугун билишеби деген эң негизги суроого жооп алынышы зарыл. Бретт Колман ошондой эле, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгууда маанилүү иликтөөлөрдү жүргүзүү иши Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынат деп Улуттук банктык Төрагасын толук ынандырды.  

Жолугушууда жогоруда аталган улуттук программадан тышкары, Улуттук банк тарабынан Кыргызстандын финансы секторун өнүктүрүү долбооруна жана депозиттерди коргоо системасын күчөтүүгө байланыштуу маселелер да талкууга алынды.  

 

Төмөнкү банктык эмес финансы мекемелерге жана алмашуу бюролорго лицензиялар берилген: 

 

1. Жеке ишкер Токторов Чынарбек Арзыматовичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 1-октябрында №5057 лицензия берилген. Юридикалык дареги: Жалал-Абад областы, Жалал-Абад шаары, борбордук базары; 

2. Жеке ишкер Бакирова Роза Долатовнага нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 1-октябрында №5058 лицензия берилген. Юридикалык дареги: Жалал-Абад областы, Кочкор-Ата шаары, борбордук базары; 

3. Жеке ишкер Игамбердиев Саибджан Халилджановичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 1-октябрында №5059 лицензия берилген. Юридикалык дареги: Жалал-Абад областы, Жалал-Абад шаары, борбордук базары; 

4. Жеке ишкер Эмилбаев Бактыбек Аалыевичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 3-октябрында №5060 лицензия берилген. Юридикалык дареги: Ысык-Көл областы, Каракол шаары, Токтогул атындагы көчө, номерсиз ("Караван" кафесинин тушунда). 

 

Төмөнкү банктык эмес финансы мекемелеринин күбөлүктөрү жокко чыгарылды: 

 

1. МКК "Кыргыз Кредит" ЖЧКсына 2008-жылдын 21-ноябрында берилген эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө №175 күбөлүгү, финансылык оорчулукка жана менеджменттин жүргүзүлбөшүнө байланыштуу 2012-жылдын 1-октябрынан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Нарын областы, Нарын шаары, Раззаков көчөсү, 6, кв. 5; 

2. МКК "БНК" ЖЧКсына 2012-жылдын 4-октябрында берилген эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө №136 күбөлүгү, Компаниянын катышуучусунун чечиминин негизинде 2012-жылдын 5-октябрынан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Б.Бейшеналиева атындагы көчө, 29-19. 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөм системаларынын көрсөткүчтөрү (БТС) 

 

 

Бардыгы болуп БТС 

анын ичинде 

Клирингдик система 

Гросстук система 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

2012-жылдын 1-октябрынан 5-октябрына чейинки аралыктагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил ичинде) 

Абсолюттук мааниде 

12 093 588 724,83 

44 410 

1 479 303 462,57 

41 532 

10 614 285 262,26 

2 878 

БТС төлөмдөрүндөгү үлүшү (%) 

100,0 

100,0 

12,2 

93,5 

87,8 

6,5 

анын ичинде 

(%) : 

  

  

  

  

  

  

БАПБнын таза позициялары 

0,1 

1,7 

0,8 

1,8 

0,0 

0,0 

БК чыгыш  

18,4 

8,9 

18,1 

9,4 

18,4 

1,4 

БК кириш  

8,7 

27,9 

11,0 

29,6 

8,4 

3,4 

СФ чыгыш  

0,8 

6,8 

6,6 

7,2 

0,0 

0,0 

СФ кириш  

0,5 

4,3 

3,9 

4,6 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниде 

13 007 385 025,17 

44 134 

1 436 542 178,44 

41 311 

11 570 842 846,73 

2 823 

 

Отчеттук мезгил ичиндеги көрсөткүчтөрдүн өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрдөн четтеши  

Абсолюттук мааниде 

-913 796 300,34 

276 

42 761 284,13 

221 

-956 557 584,47 

55 

-7,0 

0,6 

3,0 

0,5 

-8,3 

2,0 

 

Элкарт улуттук төлөм системасынын көрсөткүчтөрү 

 

… карата абал боюнча 

2012-жылдын 28-сентябрына карата 

2012-жылдын 5-октябрына карата 

Жүгүртүүдөгү карттардын саны (кайра чыгарылгандарын эске албаганда) 

147 037 

147 792 

Бардыгы болуп, pos-терминалдардын саны,  

анын ичинде: 

- банктарда 

- соода түйүндөрүндө 

 

751 

490 

261 

 

753 

492 

261 

Банкоматтардын саны 

243 

244