Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын 29-июнундагы №2020-П-33/38-5-(НФКУ) токтому  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

2. Юридика башкармалыгы:  

- бул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4.  Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын микрофинансылык компанияларын тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын 29-июнундагы 

№2020-П-33/38-5-(НФКУ) токтомуна карата тиркеме  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

1) 25-пунктунда «ички аудит кызматынын» деген сөздөрдөн кийин ««жана ислам терезесинин»» деген сөздөр алынып салынсын;  

2) 27-пунктунун бешинчи абзацындагы экинчи сүйлөм төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Мында эмгек стажына жогоруда көрсөтүлгөн уюмдардын/компаниялардын бөлүмдөрүндө уюмдун/компаниянын негизги ишин (коопсуздукту камсыз кылуу, чарба иши, персонал менен иш алып баруу, иш кагаздарын жүргүзүү ж.б.) жүзөгө ашырууга байланыштуу болбогон иш кирбейт.»; 

3) 37-пунктунун жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Ошол эле МФКда ошол эле кызматка жаңы мөөнөткө шайланган Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин, Башкарманын төрагалары жана мүчөлөрү Улуттук банк менен макулдашылбайт.»; 

4) 38-пунктунун экинчи абзацындагы экинчи сүйлөм алынып салынсын; 

5) 43-пунктунун: 

- 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1) талапкерге карата финансы-кредит системасында иштөөгө тыюу салган соттун чечими болсо;»; 

- 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2) ал адам мүлккө, экономикалык иш-аракеттерди жүргүзүү тартибине каршы кылмыш ишине жол бергендиги үчүн жана/же мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштуу иштер үчүн соттолуп, ал жоюлса;»; 

6)  43-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«43-1. Төмөнкү пункттарда белгиленген фактылар аныкталган учурда, талапкер ушул жобонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарын ээлөөгө укугу жок

- ушул Жобонун 43-пунктунун 2-пунктчасында соттолгондугу алынып салынган же жоюлган күндөн тартып жети жыл ичинде; 

- ушул Жобонун 43-пунктунун 3-пунктчасында жана 5-пунктчасынын үчүнчү абзацында («б») тиешелүү чечим күчүнө кирген күндөн тартып беш жыл ичинде; 

- ушул Жобонун 43-пунктунун 5-пунктчасынын экинчи абзацында («а») бузууга жол берүү фактысы бар экендиги жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып жети жыл ичинде; 

- ушул Жобонун 43-пунктунун 5-пунктчасынын төртүнчү абзацында («в») - бузууга жол берүү фактысы бар экендиги жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жыл ичинде; 

- ушул Жобонун 43-пунктунун 6-пунктчасында бузууга жол берүү фактысы аныкталган учурдан тартып үч жыл ичинде; 

- ушул Жобонун 43-пунктунун 7-пунктчасында тиешелүү билими бар экендигин тастыктоочу документтерди сунуштоого чейин.»; 

7) 50-пунктунун 10-пунктчасында «жайлардын» деген сөз «МФК жайынын (жайларынын)» дегенге алмаштырылсын; 

8) 74-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«74. Аманаттарды тартуу укугун чектөөнү алып салуу үчүн МФК ушул Жобонун 61-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт:  

- ушул Жобонун 6-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкындагы топтоо эсебине МФКнын уставдык капиталы катары каражаттардын салынгандыгын тастыктаган документти;  

- Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык лицензиялар үчүн мамлекеттик алымды төлөгөндүгү жөнүндө документ. 

МФК аманаттарды тартуу укугун чектөө алынган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде Кыргыз Республикасынын Аманаттарды коргоо фондуна кирүүгө өтүнүч катынын көчүрмөсүн жана Депозиттерди коргоо фондуна кирүү төгүмү төлөнгөндүгү жөнүндө документти берүүгө милдеттүү (коммерциялык банк МФКга кайрадан катталган учурларды кошпогондо). 

Топтоо эсебиндеги каражаттар, МФКнын негизги уставдык максаттарын (кредиттөө, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо) эске албаганда, акционерлер тарабынан чектөөнү алып салганга чейин кандайдыр бир максаттарга колдонулбоого тийиш. »; 

9) 85-пунктунун биринчи абзацындагы «банктык лицензияны» деген сөздөр «уруксат берүүчү документтерди» дегенге алмаштырылсын; 

10) 91-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«91. Байланышуу телефон номерлери, электрондук почта дареги өзгөргөн учурда, өкүлчүлүктүн жана филиалдын жетекчиси алмашкан шартта, МФК бул тууралуу Улуттук банкка мындай өзгөрүүлөр болгон күндөн тартып 15 (он беш) календардык күн ичинде маалымдоого милдеттүү

Өкүлчүлүктүн жана/же филиалдын жаӊы жетекчиси дайындалган шартта, МФК билдирүүгө кошумча МФКнын мөөрү менен тастыкталган, МФКнын ыйгарым укуктуу органынын жаңы жетекчини дайындоо жөнүндө тиешелүү чечиминин жана жаңы жетекчинин кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасынын көчүрмөсү тиркелүүгө тийиш.»;  

11)  93-пунктунун: 

- 3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«3) уставдын жаңы редакциясы жана ушул уставдын (МФКнын мөөрү менен тастыкталган) көчүрмөсү;»;  

- пункт төмөнкү мазмундагы 4 жана 5-пунктчалар менен толукталсын: 

«4) ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлгөн, МФК жайгашкан жай техникалык жактан чыңдоо жана жабдуу боюнча талаптарга жооп бере тургандыгы жөнүндө акт (МФКнын жайгашкан орду өзгөргөн шартта);  

«5) ижара келишиминин же МФКнын тиешелүү жайга менчик укугун тастыктаган документтин көчүрмөсүн (МФКнын жайгашкан орду өзгөргөн шартта).»; 

12) 98-пунктунун:  

3-пунктчасынын: 

- төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- уставдын жаңы редакциясы жана анын көчүрмөсү (МФКнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн).»;  

- бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Улуттук банк 15 (он беш) календардык күн ичинде үчүнчү жана төртөнчү абзацтарында каралган, сунушталган уюштуруу документтеринин түп нускаларын кошо тиркөө менен МФКга анын аталышынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодон өтүүсүнө макулдугун берет.»; 

- 4-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«- жаңы аталышы менен лицензияны (кошумча лицензияны) кайра тариздөөгө өтүнүч кат;»; 

- 5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) МФКнын аталышы өзгөргөндүгүнөн улам лицензия (кошумча лицензия) кайра таризделгенден кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде МФК жаңы аталышын көрсөтүү менен жалпыга маалымдоо каражаттарында МФКнын аталышы өзгөргөндүгү тууралуу тиешелүү маалыматты жарыялоого тийиш.»;  

- 6-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«6) Аталышы өзгөртүлгөн МФК мурдагы аталышы көрсөтүлгөн лицензияны (кошумча лицензияны) Улуттук банкка тапшырууга тийиш. Улуттук банк МФКнын аталышы өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу, лицензияны (кошумча лицензияны) кайра тариздөө тууралуу түшүндүрмө жазууларды чагылдыруу менен анын лицензиясын алмаштырат. Улуттук банк реестрге лицензия алмаштырылгандыгы жөнүндө тиешелүү жазууларды киргизет.»; 

13) 99-пунктунун: 

- 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) МФКнын жайгашкан жеринин (почта дарегинин) өзгөрүшү калктуу пункттун, көчөнүн аталышынын, үй номеринин өзгөртүлүшү менен коштолушу мүмкүн. МФКнын жайгашкан жери бир калктуу пункттун чегинде өзгөргөн учурда лицензия алмаштырылбайт. Жайгашкан жеринин өзгөрүшү ушул Жобонун 93-95-пункттарына ылайык макулдашылат.  

МФКнын жайгашкан жери өзгөргөн учурда, мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлгөн учурдан тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка ушул Жобонун 98-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн документтерден тышкары, төмөнкү документтерди берет:  

- ижара келишиминин же МФКнын тиешелүү жайга менчик укугун тастыктаган документтин көчүрмөсүн; 

ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлгөн, жай техникалык жактан чыңдоо жана жабдуу талаптарына жооп бере тургандыгы жөнүндө акт;”;  

- 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2) документтер толугу менен тапшырылса жана мыйзам талаптарына жооп берсе, анда Улуттук банк МФКнын аталышы өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу, лицензияны (кошумча лицензияны) кайра тариздөө тууралуу түшүндүрмө жазууларды чагылдыруу менен анын лицензиясын алмаштырат жана реестрге МФКнын жайгашкан орду өзгөргөндүгү жөнүндө тиешелүү жазууларды киргизет;»; 

14) 124-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«- ушул Жобонун 13 (жеке адамдар үчүн) жана 13-1-тиркемелерине (юридикалык жактар үчүн) ылайык форма боюнча анкетаны тиркөө менен чогуу алганда акциялардын 5 (беш) жана андан көп пайызын сатып алууга өтүнүч кат;»;   

15) 131-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«131. Эгерде МФКга кайра өзгөртүп түзүлө турган МКК/МКА/КСтин уставдык капиталынын өлчөмү ушул Жобонун 5-пунктунда МФК үчүн белгиленген өлчөмдөн төмөн болсо, анда анын уюштуруучулары (катышуучулары, акционерлери) коммерциялык банктагы топтоо эсебине жетишсиз сумманы салууга тийиш.»; 

16) 132-пунктунун төртүнчү пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4) ушул Жобонун 13 (жеке адамдар үчүн) жана 13-1-тиркемелерин (юридикалык жактар үчүн) ылайык форма боюнча МФКнын уставдык капиталында 5 пайыздан ашык үлүшкө ээ акционерлердин анкеталарын кошо тиркөө менен акционерлер тууралуу маалыматты (5-тиркеме);»; 

17) 139-2-пунктунун:  

- 7-пунктчасы төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: 

«Акыркы 12 ай ичинде МФКга кайра катталуу жол-жобосунан өтүп жаткан коммерциялык банкта ушул сыяктуу кызмат ордуна макулдашуудан өткөн МФКнын кызмат адамдары Улуттук банк менен макулдашуудан өткөрүлбөйт жана ушул Жобонун 1-тиркемесинин формасы боюнча анкеталарды берүү менен чектелет;»;  

- 11-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«11) белгилүү бир иш-аракеттерди, мөөнөттөрдү жана операциялар көлөмүн чагылдыруу менен МФК жүзөгө ашырууга укугу жок банктык операцияларды токтотуу (аяктоо) боюнча кеңири иш-чаралар планы. Аталган план МФК лицензия алган учурдан тартып 12 (он эки) айдан ашпаган мөөнөткө каралууга тийиш; 

Төмөнкү иш-чаралар мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүүгө макулдук алган учурга чейин бүткөрүлүүгө тийиш: 

- корреспондент-банктардын МФКга кайра каттоо жөнүндө чечим кабыл алынгандыгы тууралуу билдирүүсү

- Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасында жаңы операцияларды жүргүзүүнү токтотуу, ошондой эле Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасында жүргүзүлүп жаткан операцияларды аяктоо;  

- коммерциялык банктын «депо» эсептеринде Улуттук банк аркылуу жайгаштырылган, банктын кардарларына таандык баалуу кагаздар болгон учурда, коммерциялык банктын кардарларына Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздарды суб-депозитардык эсепке алуу функциялары токтотулгандыгы тууралуу билдирүү

- Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу менчик баалуу кагаздар болгон учурда, аларды сатуу же Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу баалуу кагаздардын субдепозитарийи болуп саналган башка уюмдун кардарларынын «депо» эсебине которуу;»; 

- 12-пунктчасы төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:  

«МФКга кайра каттоо учурунда Улуттук банктын экономикалык ченемдерин жана башка талаптарын сактоого мүмкүн болбосо, Улуттук банк МФКнын ишин ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келтирүү үчүн МФКнын лицензиясын алган күндөн тартып 12 айдан ашпаган мөөнөт берет.  

Коммерциялык банк ченемдерди жана башка талаптарды ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келтирүү боюнча директорлор кеңеши тарабынан бекитилген планды Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү.»; 

18) 139-4 пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«139-4. Коммерциялык банктын ыйгарым укуктуу органы МФК катары кайра каттоодон өтүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып коммерциялык банк төмөнкүлөрдү бекитүүгө тийиш

- МФК жүзөгө ашырууга укугу жок банктык операцияларды токтотуу боюнча  планын; 

- аманатчыларга жана кредиторлорго МФКга кайра каттоо жөнүндө чечим кабыл алынгандыгы тууралуу маалымдоо тартибин

Жобонун ушул пунктунда көрсөтүлгөн иш-чаралар планы, ошондой эле аманатчыларга жана кредиторлорго маалымдоо тартиби Улуттук банк менен макулдашылууга жана анда Жобонун 139-8-пунктунда белгиленгенден ашпаган мөөнөттөр каралууга тийиш»;  

19) 139-8-пунктунун: 

- биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«МФКга кайра каттоодон өтүүдө коммерциялык банк банктык операцияларды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө” мыйзамында МФК үчүн каралбаган банктык операцияларды ишке ашырууну төмөнкү мөөнөттөрдө токтотууга милдеттүү:»; 

- 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1) талап боюнча төлөнүүчү жаңы депозиттерди кабыл алуу жана колдонуудагысын толуктоо, эсептешүү эсептерин ачуу Улуттук банкка мамлекеттик кайра каттоодон өтүүгө кат жүзүндө макулдук алууга өтүнүч сунушталган күндөн тартып. Коммерциялык банк МФКны мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүүгө макулдук алган күндөн тартып талап боюнча төлөнүүчү депозиттерди ээлерине кайтарып берүү ишин баштоого милдеттүү;»;  

- 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«2) мөөнөттүү депозиттерди ачуу мамлекеттик кайра каттоодон өтүүгө макулдук алган күндөн тартып. Коммерциялык банк мамлекеттик кайра каттоодон өтүүгө макулдук алган күндөн тартып эсептерди жүргүзүү операциялары токтотулгандыгы жөнүндө эсеп ээлерине маалымдоого милдеттүү;»; 

- 9-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9) баалуу металлдар (банктагы күмүш, алтын, платина жана жогоруда аталган, жогору сапат белгилерине ээ металлдардан монеталар) менен операцияларды жүргүзүү МФКнын лицензиясын алган күндөн тартып;»; 

- 10-пунктчасынын экинчи сүйлөмү алынып салынсын; 

20) 140-пунктунун: 

- 3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«3) эгерде, Улуттук банк мамлекеттик каттоого/кайра каттоого макулдук берген учурдан тартып, анын ичинде коммерциялык банкты МФКга кайра каттоодо өтүнүч ээсинин финансылык жана укуктук абалында, лицензия (кошумча лицензия) берүүдөн/ лицензиясындагы чектөөнү алып салуудан баш тартуу үчүн негиз болгон өзгөрүүлөр орун алган (анын ичинде финансылык абалынын начарлоо тенденциясы байкалган) учурда;»;  

- 12-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«12) лицензия (кошумча лицензия)/лицензиясындагы чектөөнү алып салуу) алуу үчүн, анын ичинде коммерциялык банкты МФКга кайра каттоодо ушул Жобонун талаптары аткарылбаса;»;  

21) 141-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«141. Улуттук банк МФКга кайра өзгөртүп түзүлө турган МФКнын, МКК/МКА/КС/коммерциялык банктын ыйгарым укуктуу адамына лицензия берүүдөн/лицензиясындагы чектөөнү алып салуудан  баш тартуу негиздери тууралуу мындай чечим кабыл алынган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде кат жүзүндө билдирет.»; 

22) 142-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«142. МФК анын акционерлеринин чечими же болбосо Улуттук банктын чечими боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайра өзгөртүп түзүлүшү (бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу, өзгөртүп түзүү) мүмкүн.  

Жаңы юридикалык жакты түзүү менен МФКны кайра уюштуруу учурунда, Улуттук банк МФКга жаңы лицензия берүү маселесин карайт. Мында, алардын негизинде кайра өзгөртүп түзүлгөн МФКлар иш алып барган лицензиялар эске алынат. 

Бул жободо МФКларды мажбурлап өзгөртүп түзүү жол-жобосу каралбайт. 

МФКларды кайра өзгөртүп түзүү иши Улуттук банк менен алдын ала макулдашылгандан кийин башталышы мүмкүн. МФК Улуттук банкка тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 (он) жумуш күн ичинде кайра өзгөртүп түзүү ишин баштоо ниетин билдирет. 

МФКны кайра өзгөртүп түзүү Кыргыз Респуликасынын банктык мыйзамдарына, ушул жобого жана кайра өзгөртүп түзүлүүчү МФКнын уюштуруу документтерине ылайык жүзөгө ашырылат 

МФКны кайра өзгөртүп түзүүнү макулдашууда Улуттук банк чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон маалыматты жаңы түзүлгөн МФК үчүн белгиленген тартипте сыяктуу эле кошумча түрдө да талап кылууга укуктуу. МФКны кайра өзгөртүп түзүүдө документтерди карап чыгуу жаңыдан түзүлгөн МФК үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн.»; 

23) Жобо төмөнкү мазмундагы 142-1 - 142-16-пунктулар менен толукталсын:  

«142-1. МФКны бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу формасында кайра өзгөртүп түзүүгө уруксат алуу үчүн МФК төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш: 

- кайра өзгөртүп түзүүгө байланыштуу кайра каттоого макулдук алуу үчүн өтүнүч кат; 

- МФКлардын акционерлеринин жалпы жыйынында бекитилген кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө келишим (бириктирүү, кошуу формасында кайра өзгөртүп түзүү); 

- кайра өзгөртүп түзүүгө экономикалык негиздеме берүү

- кайра өзгөртүп түзүлгөн ар бир МФКнын жалпы жыйынында толтурулган протокол, анда кайра өзгөртүп түзүү, кайра өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында МФКнын уставынын долбоорун бекитүү, МФКнын директорлор кеңешин, башкармасын шайлоо жөнүндө чечим камтылат; 

- ар бир кайра өзгөртүп түзүлгөн МФКнын өтүп жаткан айдын бирине карата бухгалтердик баланстары;  

- аудитордук корутундусу менен акыркы отчеттук жыл үчүн ар бир кайра өзгөртүп түзүлгөн МФКнын финансылык отчеттору;  

- ар бир кайра өзгөртүп түзүлгөн МФКнын уюштуруу түзүмүнүн болжолдуу схемасы;  

- ар бир кайра өзгөртүлүп түзүлгөн МФКнын активдеринин, милдеттенмелеринин жана капиталынын болжолдуу түзүмү;  

- ар бир кайра өзгөртүлүп түзүлгөн МФКнын уюмдардын экономикалык ченемдеринин болжолдуу маанилери; 

- кредиторлордун коомго карата тиешелүү милдеттенмелерди мөөнөтүнөн мурда токтотуу же аткаруу, алардын талаптарын канааттандырууга тиешелүү талаптардын аткарылышы мүмкүндүгү боюнча маалыматтарды;  

- ар бир кайра өзгөртүлүп түзүлгөн МФКнын жакынкы үч жылга каралган бизнес-планы (эки нускада түзүлгөн), ушул Жобого карата 6-тиркеменин талаптарын эске алуу менен түзүлгөн; 

- кайра өзгөртүп түзүлүүгө тийиш болгон МФКнын акционерлеринин жалпы жыйынында бекитилген бөлүү балансы (бөлүү, ажыратуу формасында кайра өзгөртүп түзүүдө); 

- ар бир кайра өзгөртүп түзүлүүгө тийиш болгон МФКнын акционерлеринин жалпы жыйынында бекитилген өткөрүп берүү актылары (бириктирүү, кошуу формасында кайра өзгөртүп түзүүдө).  

142-2. Кайра өзгөртүп түзүү келишиминде төмөнкү маселелер эске алынууга тийиш: 

а) кайра өзгөртүп түзүү тартиби жана шарттары;  

б) кайра өзгөртүп түзүлүүгө тийиш болгон МФКнын акцияларын конвертациялоо тартиби; 

в) кайра өзгөртүп түзүлүүгө тийиш болгон МФКнын бардык акцияларына ээлик кылуучулардын укуктары; 

г) акционерлердин жалпы жыйынында катышуу укугуна ээ, кайра өзгөртүп түзүлүүгө тийиш болгон МФКнын акционерлеринин тизмеси  

5-тиркемесине ылайык электрондук формада жана директорлор кеңешинин төрагасы тарабынан кол коюлган кагаз жүзүндө ар бири эки түп нускада; 

д) кайра өзгөртүп түзүлгөн МФКнын өткөрүп берүү актысына ылайык кайра өзгөртүп түзүлүүгө тийиш болгон ар бир МФКнын кредиторлору алдында бардык милдеттенмелерге жана карызгерлерине карата талаптарга укугу өткөндүгү жөнүндө жобо.  

142-3. Кайра өзгөртүп түзүү процессинде катышкан ар бир МФКнын добуш берүүгө укук чегерген акцияларынын кеминде 2/3 ээлик кылган акционерлери аны кабыл алууга добуш беришсе келишим долбоору бекитилген катары эсептелинет.  

142-4. Кайра өзгөртүп түзүүгө экономикалык негиздеме берүүдө кайра өзгөртүп түзүү процессин ишке ашырууга МФКга түрткү берген таасирлер, ошондой эле кайра өзгөртүп түзүү максаты ачык жана так чагылдырылууга тийиш.  

Мындан тышкары, негиздемеде кайра өзгөртүп түзүлүүгө тийиш болгон МФКнын финансылык абалына толук талдап-иликтөө камтылууга тийиш.  

Негиздемеде МФКнын микрокаржылоо секторундагы ролу жана орду, алардын артыкчылыктуу жана алгылыксыз жактары, кайра өзгөртүлүп түзүлгөн МФКнын негизги иш багыттары, ишке ашыруу болжолдонгон финансылык операциялары сыяктуу маселелер чагылдырылышы зарыл.  

142-5. Ар бир МФКнын акционерлеринин жалпы жыйынында кайра өзгөртүп түзүү чечими кабыл алынган күндөн тартып бир ай ичинде МФКлар өз кредиторлоруна кабыл алынган чечим жөнүндө жазуу жүзүндө билдирет.  

142-6. Улуттук банк өтүнүч катты жана жобонун 142-1 жана 142-15-пункттарында келтирилген документтерди алгандан кийинки 30 (отуз) жумуш күнү ичинде, бириктирүү, кошуу, бөлүү, өзгөртүп түзүү түрүндө кайра өзгөртүп түзүүгө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоого макулдук берүү жөнүндө чечим кабыл алат же себептерин көрсөтүү менен четке кагуу боюнча чечим кабыл алат. 

142-7. Улуттук банк өтүнүч катты жана жобонун 142-1 жана 142-14-пункттарында келтирилген документтерди алгандан кийинки 2 (эки) ай ичинде, бириктирүү, кошуу, бөлүү, өзгөртүп түзүү түрүндө кайра өзгөртүп түзүүгө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоого макулдук берүү жөнүндө чечим кабыл алат же себептерин көрсөтүү менен четке кагуу боюнча чечим кабыл алат. 

142-8. МФКны кайра өзгөртүп түзүүгө байланыштуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүүгө макулдук берүү чечими Улуттук банктын банктык көзөмөл жана лицензиялоо боюнча маселелерин түздөн-түз тескөөгө алган төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү/областтык башкармалыктын начальниги/өкүлчүлүктүн директору тарабынан кабыл алынат.  

142-9. МФКларды кайра өзгөртүп түзүү процесси МФКлар мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып аяктаган катары эсептелет.  

142-10. Улуттук банк төмөнкү себептер боюнча МФКларды кайра өзгөртүп түзүү өтүнүчүн четке кагышы мүмкүн:  

а) МФКны кайра өзгөртүп түзүүдө финансылык кызматтардан керектөөчүлөрдүн таламына коркунуч жаратышы мүмкүн болсо;  

б) жаңы МФКнын финансылык абалы кайра өзгөртүп түзүлүүгө тийиш болгон МФКнын аманатчыларынын таламдарына кыйла коркунучтарды жаратса;  

в) кайра өзгөртүп түзүүгө уруксат алуу үчүн Улуттук банкка сунушталган документтерде анык эмес маалыматтар табылса;  

г) кайра өзгөртүп түзүү процессинде түзүлгөн МФК айрым банк операцияларын ишке ашыруу укугуна лицензияларды алуу үчүн зарыл талаптарды аткарбаса. 

142-11. Юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жаңы МФК мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде кайра өзгөртүп түзүү процессине катышкан МФК (кошулуу, бириктирүү, бөлүнүү) Улуттук банкка банк операцияларын жүргүзүүгө лицензиясын өткөрүп, анын ордуна жаңы МФКга берилүүчү лицензияны алышат, ал эми өзүнчө бөлүнүү формасында кайра өзгөртүлүп түзүлүүдө лицензия жаңы МФКга гана берилет. Жаңы лицензияны берүүдө алардын негизинде кайра өзгөртүп түзүлгөн МФК иш алып барган лицензияларга (белгиленген чектөөлөрдү кошо алганда) көңүл бурулат.  

142-12. Кайра өзгөртүп түзүлгөн МФК Улуттук банк тарабынан белгиленген бардык экономикалык ченемдерди жана башка талаптарды аткарууга тийиш.  

142-13. Сунушталган документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча реестрге кайра өзгөртүлүп түзүлгөн МФКнын иши токтотулгандыгы (укугу өткөндөрдү жана кайра өзгөртүп түзүү формасын көрсөтүү менен) жана айрым банктык операцияларды жүзөгө ашырууга жаңы лицензияларды берүү жөнүндө маалыматтар жазылат.  

142-14. Бөлүнүп чыгуу түрүндө кайра уюштурулганда, иш алып барып жаткан МФК жаңыдан түзүлгөн МФК болуп саналбайт жана банк операцияларын жүргүзүү укугуна мурда берилген лицензиянын негизинде иш алып барат. Кайра өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында бөлүнүү формасында түзүлгөн МФКны кайра каттоого байланыштуу макулдук алуу үчүн/банктык операцияларды ишке ашыруу укугуна лицензия алуу үчүн 142-1-пунктта көрсөтүлгөн документтерге кошумча, МФК Улуттук банкка ушул Жобонун 3, 4, 5 жана 6-главаларында каралган документтерди берет. 

142-15. Өзгөртүп түзүү формасында кайра уюштурууга макулдук алуу үчүн МФК Улуттук банкка ушул Эрежелердин 8-главасына ылайык документтерди берүүгө милдеттүү

142-16. МФКны кайра өзгөртүп түзүүдө кызмат адамдарын макулдашуу ушул Жобонун 3-главасынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт. 

Бириктирүү формасында кайра өзгөртүп түзүү учурунда бириктирилип жаткан МФКнын кызмат адамдары гана Улуттук банк менен макулдашылат.  

Кошулуу формасында кайра уюштурууда Улуттук банк менен ушул жобонун 3-главасына ылайык макулдашылууга тийиш болгон, кайра өзгөртүп түзүлгөн МФКнын бардык кызмат адамдары макулдашылат. 

Бөлүү жана ажыратуу формасында кайра уюштурууда жаңыдан түзүлгөн МФКнын гана макулдашылууга тийиш болгон кызмат адамдары ушул жобонун 3-главасына ылайык Улуттук банк тарабынан макулдашылат.»; 

24) 1-тиркеменин: 

- 2-пункту «8.5. «ислам терезесинин» деген сөздөрдөн кийин «, 8.6. террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички уюштуруу иш-чараларына жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн (комплаенс-офицери)» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 16-пунктунун: 

экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«- банктык мыйзам чөйрөсүндө бузууларга, жорукка жана кылмышка жол бергендиги тууралуу айыптоо болгонбу (ооба/жок)»;  

төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Эгерде, «ооба» деген жооп берилсе укук коргоо органы тарабынан белгиленген айыптоо тууралуу кеңири маалымат бериңиз, мында укук коргоо органынын аталышын, кайсы болбосун мамлекеттик орган тарабынан колдонулган тартип жаза чарасын, териштирүүнүн жыйынтыктарын, соттун чечимин көрсөтүңүз_______________:»; 

- 18-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«18) Соттолгонсузбу? «Ооба» деген жооп берилсе, Сиз ага ылайык соттолгон Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин беренелеринин, бөлүктөрүнүн, пункттарынын жана пунктчаларынын номерлерин (анын ичинде жоюлган сот жазасы тууралуу, жоюлган күнүн) көрсөтүү менен ал боюнча түшүндүрмө бериңиз. 

Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык жоопко тартылган болсоңуз көрсөтүңүз. «Ооба» деген жооп берилсе, Сиз ага ылайык соттолгон Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин беренелеринин, бөлүктөрүнүн, пункттарынын жана пунктчаларынын номерлерин көрсөтүү менен, ал боюнча түшүндүрмө бериңиз ____________________»; 

25) 7-тиркеменин: 

- микрофинансылык компаниянын айрым банк операцияларын улуттук валютада жүргүзүү укугуна лицензиянын биринчи абзацындагы «жакырчылыкты жоюу» деген сөздөр «жакырчылыкты жоюуда көмөк көрсөтүү» дегенге алмаштырылсын; 

26) 8-тиркеменин: 

- микрофинансылык компаниянын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык улуттук валютада айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна/"ислам терезесинин" алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык улуттук валютада айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиянын биринчи абзацында «жакырчылыкты жоюу» деген сөздөр «жакырчылыкты жоюуда көмөк көрсөтүү» дегенге алмаштырылсын; 

27) 9-тиркеменин: 

- микрофинансылык компаниянын айрым банктык операцияларды чет өлкө валютасында жүргүзүү укугуна лицензиянын биринчи абзацында «жакырчылыкты жоюу» деген сөздөр «жакырчылыкты жоюуда көмөк көрсөтүү» дегенге алмаштырылсын»; 

- 2-пунктунун экинчи абзацы «көзөмөлдөө жана лицензиялоо маселелерин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары/Улуттук банк башкармасынын мүчөсү» деген сөздөрдөн кийин «(областтык башкармалыктын начальниги/өкүлчүлүктүн директору)» деген сөздөр менен толукталсын; 

28) 10-тиркеменин: 

- микрофинансылык компаниянын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык айрым банктык операцияларды чет өлкө валютасында жүргүзүү укугуна/"ислам терезесинин" алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык айрым банктык операцияларды чет өлкө валютасында жүргүзүү укугуна лицензиянын биринчи абзацында «жакырчылыкты жоюу» деген сөздөр «жакырчылыкты жоюуда көмөк көрсөтүү» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

29) 13-тиркеменин 12-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«12. Соттолгонсузбу? «Ооба» деген жооп берилсе, Сиз анын негизинде соттолгон Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин беренелеринин, бөлүктөрүнүн, пункттарынын жана пунктчаларынын номерлерин (анын ичинде жоюлган сот жазасы тууралуу, жоюлган күнүн) көрсөтүү менен, ал боюнча түшүндүрмө бериңиз 

____________________________________________________________________________ 

Сизге карата кайсы болбосун кесиптик иш менен алектенүүгө тыюу салуу тууралуу чечим кабыл алынганбы? Эгерде, кабыл алынган болсо, түшүндүрмө бериңиз 

_____________________________________________________________________________ 

Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык жоопко тартылган болсоңуз көрсөтүңүз. «Ооба» деген жооп берилсе, Сиз анын негизинде соттолгон Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин беренелеринин, бөлүктөрүнүн, пункттарынын жана пунктчаларынын номерлерин көрсөтүү менен, ал боюнча түшүндүрмө бериңиз ____________________________________________________________________________».